• Башкы бет
  • Улуттук банк алтын куймаларды сатыкка чыгарды
14:57, 2023-ж., 26-май

Улуттук банк алтын куймаларды сатыкка чыгарды

Улуттук банк алтын куймаларды сатыкка чыгарды

Кыргызстандын Улуттук банкы алтын куймаларды биржада сатыкка чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ички рыногунда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, анын ичинде зергерчилик тармагын чийки зат менен камсыздоо жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү арттыруу максатында Улуттук банк «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коому («КФБ» ЖАК) менен биргеликте «Кыргызалтын» ачык акционердик коому тарабынан даярдалган салмагы 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки аффинаждалган алтын куймаларын Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында сатууну баштады.

Кыргыз фондулук биржасында аффинаждалган алтын куймаларын сатууга катышуу жана сатып алуу шарттары боюнча кеңири маалымат «КФБ» ЖАКтын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Улуттук банк

Комментарийлер

live comments feed...