14:55, 2023-ж., 26-май

Тоолуу райондордо өткүн өтөт

Тоолуу райондордо өткүн өтөт

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-майга караган түнү жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүшү күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20.

Бишкекте түнкүсүн жана түшкө чейин жаан жаабайт, түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +25…+27 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...