• Башкы бет
  • Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешиндеги төрагалыктан кетти
14:33, 2023-ж., 26-май

Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешиндеги төрагалыктан кетти

Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешиндеги төрагалыктан кетти

Кадыр Кошалиев биринчи Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешиндеги төрагалык ордун да өткөрүп бергенин билдирди. Бул тууралуу ал  «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын орун басары Бейшенбек Абдразаковго убактылуу өткөргөнүн маалымдады.

«Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели. «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда», -деп жазды ал.

Кошалиев мындан үч күн мурда, тагыраагы 23-майда Улуттук телерадио корпорациясынын кабарчысы кызматынан өз каалоосу менен кеткени маалымдалган. Буга анын Курманбек Бакиев менен курган маеги себеп болгон.

Аталган интервью 16-майда жарыяланган. Анда журналист мурдагы президенттен анын тушунда кандай иштер жасалганы жана 2010-жылкы Апрель окуясы, анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп алган. Маекте Бакиев ага карата козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө ката кетирилген деп айткан. Ошондой эле адвокат жалдап, видеобайланыш аркылуу өз иши боюнча сотко катышкысы келерин билдирген.

Былтыр ноябрда биринчи Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин курамы бекитилип, төрагалыкка Кадыр Кошалиев шайланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кадыр Кошалиев

Комментарийлер

live comments feed...