• Башкы бет
  • Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинен алгачкылардан болуп ОшМУ чет өлкөдө филиалын ачты
16:10, 2023-ж., 24-май

Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинен алгачкылардан болуп ОшМУ чет өлкөдө филиалын ачты

Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинен алгачкылардан болуп ОшМУ чет өлкөдө филиалын ачты

Ош мамлекеттик университети Казакстанда филиалын ачты. Бул маалыматты Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 24-май күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбековдун суроосуна жооп берип жатып тастыктады.

Жогорку Кеңештин  бүгүнкү жыйынында КРдин 2022-жылдын 18-июлундагы "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик уюмдарынын билим берүүсүн билим берүү уюмдарындагы потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө" чыгарылган жарлыгын ишке ашыруу жана өзгөчө статус берилген мамлкеттик жогорку окуу жайларына финансылык жана академиялык жана башка өз алдынчалыкты берүү максатында билим берүү маселелери боюнча  кээ бир мыйзам актыларын өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. Анда депутат Нуржигит Кадырбеков Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге кайрылып,  өлкөдөгү жогорку окуу жайларарга эркиндик берүү боюнча концепцияны колдорун айтып, буларга токтолду.

"Эң мыкты жогорку окуу жайлар борбордо жайгашкан эмес. Ошол эле Гарвард, ошол эле MIT, Ошол Кембридж, Оксфорд, Стэнфорддун баары региондордо. Бирок, биздеги жогорку окуу жайлар негизинен Бишкекте болуп жатат, Ош мамлекеттик университетин эске албаганда. Таласка бардым, Таластын (Талас мамлекеттик университети. ред. Oshto.kg) керек болсо спорт залы да жок экен. Ар бир мыкты унивреситеттердин, мен батышта да, чыгышта да окугам, эң мыкты спорт комплекси болот. Бала интеллектуалдык өнүгүү менен кошо физикалык жактан да өнүгүшү керек. Жөнөкөй бир спорт залы жок региондордо. Сизден бир сураныч, региондордогу ЖОЖдордун рейтингин алдыга сүрөңүзчү, атайын эле бир саясат менен. Ушул ишти кылса болобу?",-деди Н. Кадырбеков.

Өз кезегинде министр Каныбек Иманалиев:"Бир жума болду. Региондогу 9 ЖОЖ менен чогулушу өткөрдүк. Аларга Кыргызстандагы 32 педагогикалык колледждер катышты. Сиз айткан баа туура. ОшМУ менен кошо Жалал-Абад мамлекеттик, Баткен мамлекеттик университеттери да өнүгүп жатат. Эң артта калган сиз айткан, тилекке каршы Талас мамлекеттик университети. Мен жакында ошого тиешелүү адамдарды чогулттум, бүгүн губернатор келатат. Ошол университетке жардам берүү, көтөрүү боюнча 1 айдин ичинде иш-чаралар болот",-деп жооп берди.

Ошондой эле депутат Н. Кадырбеков жакшы кабар укканын, Ош мамлекеттик университети Казакстанда филиалын ачканы боюнча маалымат туура же туура эместигин министрден сурады. Министр Каныбек Иманалиев баш ийкеди.

"Бул да жакшы кабар экен. Качан болсо Кыргызстанда ачылат. Бирок, биз да ачып жатабыз. Башка ЖОЖдордон чет өлкөдө филиалдарын ачкандар барбы?",-деп суроо салды Н. Кадырбеков. 

Министр Каныбек Иманалиев: "Биринчи тажрыйба го дейм",-деп жооп берди.

Андан ары сөзүн улаган Нуржигит Кадырбек:"Биринчи тажрыйба, ушуга окшогондорду жайыш керек. Мактаныш керек. Бирок, бир сураныч, ошол жакта иштегендер да коррупцияга аралашып кетип, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргызстандын жүзүнө көө жаппасын урматтуу ректор мырза, ушуга жакшылап чара көрүп коюңуз",-деди ал.

Ош мамлкеттик университетинин сайтындагы маалыматка ылайык, Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы - кыргыз тили жана маданияты борбору ачылган.

Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинен алгачкылардан болуп ОшМУ чет өлкөдө филиалын ачты, фото-1

Ачылуу аземине Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков , кыргыз филологиясы факультетинин деканы Нурмамат Турганбаев, орус филологиясы факультетинин деканы Гулипа Мадмарова, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Рахат Сагындыкова, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Абдымиталип  Мурзакметов, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору Ерлан  Сыдыков, аталган университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышкан.

Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинен алгачкылардан болуп ОшМУ чет өлкөдө филиалын ачты, фото-2

"ОшМУнун  филиалын Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетининде ачуунун максаты  жогорку кесиптик билим берүүнүн эки багыты котормо жана котормо таануу (англис тили) жана орус тили жана адабияты багытында адистерди биргелешип даярдоо. 

Ал эми филиалдын арты менен  келечекте табият таануу, физика жана IT багыттары боюнча билим берүү программаларынын санын көбөйтүү каралган. Студенттер алгачкы эки жыл Ош шаарында, кийинки эки жыл Казакстанда билим алышат",-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ОшМУда Евразия улуттук университетинин  филиалы - казак тили жана маданияты борбору ачылган. Учурда борбордо 30 студент билим алууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ОшМУ Казакстан

Комментарийлер

live comments feed...