14:29, 2023-ж., 24-май

Ош: беш чоң долбоор ишке ашат

Ош: беш чоң долбоор ишке ашат

Бүгүн Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаев Бүткүл дүйнөлүк банктын гранттынын негизинде Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү максатында иш жүзүнө ашып жаткан Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун экинчи этабынын негизинде башталган иштер менен таанышты.

Курулуш иштери Нурматов көчөсүнөн баштап А. Навои көчөсүнө чейинки аралыкта жүрөт. Долбоорду толук аяктоо мөөнөтү 1 жыл.

Мындан сырткары, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча учурда жалпысынан беш долбоор каралган.

Алар:

1. Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө (2-этап);

2.С. Ибраимов атындагы Улуттук Драма театрынын айланасын оңдоп-түзөө;

3. А. Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу аймагын куруу;

4. Т. Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;

5. Борбордук аянттагы фонтан.

Аталган курулуштар Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) аркылуу тендерге берилген.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк банк Ош шаарынын инфраструктурасына 6.0 млн АКШ долларын гранттык негизде долбоорду ишке ашырууга бөлүп берген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...