• Башкы бет
  • ИИмдин кызматтык ити катылган баңгизатты тапты
14:18, 2023-ж., 24-май

ИИмдин кызматтык ити катылган баңгизатты тапты

ИИмдин кызматтык ити катылган баңгизатты тапты

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кызматтык иттин жардамы менен катылган баңгизатты таап чыгышты.

«Канал-Аракс» атайын операциясынын алкагында аталган бөлүмдүн кызматкерлери Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын 1974-жылы туулган тургуну М.Б.нын үйүнө тинтүү жүргүзүп, 1 кг 45 гр «ооган гашишин» таап алышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү менен иш козголуп, Аламүдүн райондук сотунун чечими менен М.Б. эки айга камакка алынган.

Сурак учурунда М.Б. «А» аттуу адамдын көрсөтмөсү менен акысын Бишкектеги акча алмаштыруу жайлардын бирине төлөп, баңгизатты белгисиз адамдар таштаган жерлерден алып кетип турганын, акыркы жолу баңгизаттын кийинки партиясы үчүн акча алмаштыруучу жайга 1 миллион сом бергенин айткан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө «А» Чүй облусундагы түрмөлөрдүн биринде жаза өтөп жатканы белгилүү болгон. Андан соң кармалган адам менен «А.ны» телефондон сүйлөштүргөндө, ал кошумча 10 кг баңгизат алуусун сунуштап, акысын акча алмаштыруучу жайга таштап коюусун буйруган.

Анын негизинде атайын операция уюштурулуп, баңгизаттардын кезектеги партиясы үчүн 285 миң сом, 2 миң доллар алып жаткан жеринен Бишкектеги акча алмаштыруучу жайдын кызматкери Ж.М. колго түшүрүлүп, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынган.

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы Ош шаардык милициясынын тергөө тобу менен биргеликте Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги таштардын астынан полиэтилен баштыкчаларга оролгон жалпы салмагы 4 кг 115 граммдык 6 брикет баңгизат табышкан. Бул кылмыш ишти да ушул эле «А.» уюштуруп жүргөнү аныкталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ИИМ

Комментарийлер

live comments feed...