14:08, 2023-ж., 24-май

Араванда айыл өкмөт башчы кармалды

Араванда айыл өкмөт башчы кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалганын кабарлады. Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин үчүнчү бөлүгү менен кылмыш иши козголду. 

Маалыматка караганда, былтыр 14-февралда Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы башка кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп,  жер участогун «Сугат айдоо жерлери» категориясынан «Жеке турак жай курууга» которуу жөнүндө токтом чыгарган. Ал үчүн «Кадастр» мамлекеттик мекемеси жеке менчик укугуна мамлекеттик актыларды берген. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында жеке менчикке алынган жер тилкелеринин баасы 7,7 ммиллион сомду түзгөндүгү аныкталган.

«Үстүбүздөгү жылдын 17-майында аталган кылмыш иштин алкагында Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.А. кармалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча шектелүүдө. Учурда ал Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», -деп билдирди УКМ. 

УКМК кармалган адамдын аты-жөнүнүн баш тамгалары (М.М.А.) менен берген. Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы — Максатбек Мусаев. Демек, анын ысымына жана фамилиясына дал келүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...