• Башкы бет
  • Оштогу стадиондо капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды
14:05, 2023-ж., 24-май

Оштогу стадиондо капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды

Оштогу стадиондо капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды

Оштогу Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионду капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, стадиондогу отургучтардын баары толугу менен алмаштырылып, административдик имаратынын сырты жаңыланат. Футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана душ бөлмөлөрү толук оңдоодон өтөт.

Аталган стадион мындан төрт жыл мурун оңдоодон өткөн. Аны ошол кездеги мэр Сарыбашев демилгелеп, отургучтарды оңдоо, дарбазаны жаңылоо жана чуркоочу жолду кайра басууну жеке ишкерлерге тапшырган. Бирок ишкерлер канча каражат бергени ачыкталган эмес. Мэр өкмөттөн 12 млн. сом бөлүнгөнүн билдирген. Бирок, көп өтпөй оңдоо жумуштары сынга кабылган. Ошол кездеги жергиликтүү бийлик муну суук аба-ырайына шылтап, кайра оңдогон.

Борбордук стадион 1960- жылы курулуп, 12 миң адамга ылайыкташкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион

Комментарийлер

live comments feed...