13:59, 2023-ж., 24-май

Кыргыз-тажик делегациясы жолукту

Кыргыз-тажик делегациясы жолукту

Бүгүн, 24-майда президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облусунун башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу кыргыз-тажик чек арасында өткөн.

Анда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, чагымчыл маалыматтарга жол бербөө жагы сүйлөшүлдү. Аны менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды.

Ошондой эле тараптар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагын да талкуулашты.

Жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-тажик чек арасы

Комментарийлер

live comments feed...