• Башкы бет
  • Ошто “Ak-Buura Fashion Week-2023” эл аралык мода жумалыгы өттү
15:50, 2023-ж., 23-май

Ошто “Ak-Buura Fashion Week-2023” эл аралык мода жумалыгы өттү

Ошто “Ak-Buura Fashion Week-2023” эл аралык мода жумалыгы өттү

Кечээ, 22-май күнү Ош шаарында алгачкы жолу, Ош шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын колдоосу менен «Ak-Buura Fashion Week- 2023» Эл аралык Мода жумалыгы болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров баштаган Ош шаардык кеңешинин депутаттары, маданият өкүлдөрү, чет элдик, жергиликтүү дизайнерлер жана шаар тургундары катышты.

Нурбек Кадыров өз сөзүндө, мындай иш-чаралар чыгармачылык адамдарга өбөлгө түзүп, Ата мекендик брендди иштеп чыкканга, чет элдик аренага чыгууга жол ачып, өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Ошондой эле таланттуу дизайнерлер өз өнөрлөрү менен келечекте өлкө экономикасына чоң салым кошот деген ишеничин билдирип, жетишкендиктери менен куттуктады.

Иш-чаранын алкагында, катышкандарга, көмөк көрсөткөндөргө жана салым кошкондорго ыраазычылык билдирилип, мыкты коллекцияларды тартуу кылган дизайнерлерге дипломдор ыйгарылып, баалуу белектер тапшырылды.

Салтанаттын негизги бөлүгүндө дизайнерлердин ар кандай аталыштагы эксклюзивдүү, улуттук кийимдердин дефиле-көргөзмөлөрү көрсөтүлдү.

Ошондой эле маданият ишмерлери тарабынан концерттик программа тартууланды. Белгилей кетсек, мода жумалыгын "Подиум" мода, стиль жана сулуулук борбору уюштурду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мода жумалыгы

Комментарийлер

live comments feed...