15:45, 2023-ж., 23-май

Ошто жолдор оңдоло баштады

Ошто жолдор оңдоло баштады

Бүгүн, 22-майда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Тактап айтканда, шаар башчысы жолду капиталдык оңдоо жана тротуарларды куруу иштери жүрүп жаткан Жогорку Увам көчөсүнө барды. Ал жердеги төшөлгөн жолдун жалпы узундугу 278 метр, туурасы - 6 метр, ал эми тротуардын туурасы - 1,5 метрди түзөт.

Жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү менен катар ирригациялык арыктарды орнотуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жумуштар болжол менен 10 күндүн ичинде бүтүшү керек.

Калаа башчысы эскилиги жеткен арыктарды алып салуу менен бирге аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары мэр , Масалиев көчөсү менен Шамшиева көчөсү кесилишкен жерден Раззаков көчөсүнө чейинки жолдун капиталдык асфальттоо долбоору менен таанышып чыкты.

Бул жерде жолдун узундугу 3 км, туурасы 22-25 метр, асфальт төшөлгөн жалпы аянты болжол менен 70 миң квадрат метр болот. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бордюрларды орнотуу, заманбап жол белгилерин орнотуу мерчемделүүдө.

Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, жумуштар унааларга тоскоол болбошу үчүн кечки жана түнкү убакыттарда жүргүзүлмөкчү.

Андыктан, жакынкы арада капиталдык асфальт төшөө иштери башталаарына байланыштуу жол кызматтары унаа ээлерин жумуш учурунда унааларын жол боюнда калтырбоону суранат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...