• Башкы бет
  • Оштогу аялдамаларды ишкерлер кайрадан курат
14:47, 2023-ж., 23-май

Оштогу аялдамаларды ишкерлер кайрадан курат

Оштогу аялдамаларды ишкерлер кайрадан курат

Ош шаарындагы кээ бир аялдамалар бузулууда. Алар ишкерлер тарабынан кайра курулат. Бул тууралуу маалыматты «Т-Медиага» мэриянын  муниципалдык менчик башкармалыгынан тастыкташташкан.

Мекеменин жетекчиси Кашынай Имарованын айтымында, учурда эки жердеги аялдама толук алынган. Эки жердеги өз алдынча туура эмес курулган аялдамага эскертүү берилген.

«Рамазан соода борборунун жанындагы аялдама менен Ош району аялдамасы алынды. Аны биз шаар четиндеги аймактарга, Жапалак айылы тараптарга алып барып куруп жатабыз. Борбордук көчөлөрдөгү аялдамалар ишкерлер тарабынан курулат. Мэрия аялдама куруп берем деген ишкерлерге берип жатат. Өздөрүнүн кеңсесинин жанындагы курулуш компаниялар же дагы башка ишкерлер куруп берсе болот», — деди Канышай Имарова.

Ош шаарында 200дөн ашуун аялдама бар. Аларды оңдоп түзөө үчүн жылына жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн. сомго жакын каражат бөлүнөт.

Ал эми ишкерлерге аялдама курдуруу иштери шаарда 2020-жылы ошол кездеги мэр Таалайбек Сарыбашовдун тушунда башталган. 2019-жылы ишкерлер тарабынан Ош шаарынын борбордук стадиону оңдоодон өткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Оштоу аялдамалар

Комментарийлер

live comments feed...