• Башкы бет
  • Курманбек Бакиевден интервью алган Кадыр Кошалиев кызматтан кетти
14:40, 2023-ж., 23-май

Курманбек Бакиевден интервью алган Кадыр Кошалиев кызматтан кетти

Курманбек Бакиевден интервью алган Кадыр Кошалиев кызматтан кетти

Улуттук телерадио корпорациясы кабарчысы Кадыр Кошалиев өз каалоосу менен кызматтан кеткенин кабарлады.

«Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен болгон интервьюсу коомчулукта кызуу талкуу жаратып, түрдүү пикирлердин жаралышына себеп болду. УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзүү менен корутунду чыгара электе Кошалиев корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти.  Аталган маекти кабарчы корпорациянын жетекчилиги менен макулдашпай, өзүнүн жеке демилгеси менен тартып келген. Аны тартууга техникалык каражаттарды жана башка чыгымдарды жабууга каражатты корпорация бөлүп берген эмес. Ошондой эле, бул берүүнү эфирге берүү планда каралган эмес», -деди УТРК.

Коомдук ишмер, журналист Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен курган маеги 16-майдА жарыяланган. Анда журналист мурдагы президенттен анын тушунда кандай иштер жасалганы жана 2010-жылкы Апрель окуясы, анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп алган. Маекте Бакиев ага карата козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө ката кетирилген деп айткан. Ошондой эле адвокат жалдап, видеобайланыш аркылуу өз иши боюнча сотко катышкысы келерин билдирген.

«ПолитКлиника» медиасы аталган маек УТРКга караштуу «Маданият, тарых, тил» телеканалында жарыяланып жүргөн «Кыргыз ааламы» берүүсүнүн форматында жасалганын аныктаган.

2010-жылдын апрель айында Курманбек Бакиев Кыргызстандын президенттик кызматынан кулатылып, ал өз үй-бүлөсү менен чогу Белорусияга качууга аргасыз болгон.

Апрель окуясы боюнча Кыргызстандын Жогорку соту Бакиевди 30 жыл, анын бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүр боюу, уулу Марат Бакиевди 27 жылга сыртынан кескен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кадыр Кошалиев

Комментарийлер

live comments feed...