• Башкы бет
  • Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн
18:45, 2023-ж., 22-май

Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн

Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 23-майга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +19…+21 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...