• Башкы бет
  • УКМК жашыруун иштеген кумаркананы аныктады
18:38, 2023-ж., 22-май

УКМК жашыруун иштеген кумаркананы аныктады

УКМК жашыруун иштеген кумаркананы аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөткөн Р.Г. жоопкерчилиги чектелген коому аныкталганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда ири суммадагы акча каражаттары табылган. Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качып, иш жүзүндөгү кирешени жашыруу фактылар аныкталган. Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Ош шаарында мыйзамсыз иштеген жашыруун казино аныкталып, ишмердиги бөгөттөлгөнү маалымдаган.Текшерүү учурунда аталган жайдан 327 миң сом акча каражаты жана 16 персоналдык компьютер табылган.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 30-июнунда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...