• Башкы бет
  • Өзгөндө окуучулардын чырына байланыштуу бир нече мугалим сөгүш алган
18:36, 2023-ж., 22-май

Өзгөндө окуучулардын чырына байланыштуу бир нече мугалим сөгүш алган

Өзгөндө окуучулардын чырына байланыштуу бир нече мугалим сөгүш алган

Өзгөн районундагы Жумакадыр Мойдунов атындагы № 11 орто мектебинин окуучулары ортосундагы чыр сабактан сырткары мезгилде, тыт тааласында болгон. Аталган окуя боюнча мектептин бир нече мугалими сөгүш алган. Бул тууралуу «Т-Медиага» райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Муратбек Шамшиев билдирген.

«Балдар тыт бакта ойноп жатып, түшүнбөстүктөр жаралган. Эч кимиси жаракат алган эмес. Окуучулар, алардын ата-энелери менен чогулуш өткөрдүк», -дейт ал.

Ал эми Билим берүү министрлиги аталган окуяга байланыштуу Өзгөн райондук билим берүү бөлүмү тарабынан комиссия түзүлүп,  бир нече мугалимге карата тийиштүү чара колдонулган. Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып барганы үчүн директордун тарбиялык иштер боюнча орун басарына, социалдык педагогуна, 8-класстардын класс жетекчилерине эскертүү жазасы берилген.

Социалдык тармактарда балдарды сабап жаткан видео тараган. Анда мектеп формасындагы балдарды сөгүп, тизилип турган жеринен уруп жатканын көрүгө болот. Токмок жеген балдар 7- классттын окуучулары экени айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Өзгөн району

Комментарийлер

live comments feed...