• Башкы бет
  • Ошто Дүйнө элдеринин эпосторунун VII эл аралык фестивалы жыйынтыкталды
16:11, 2023-ж., 20-май

Ошто Дүйнө элдеринин эпосторунун VII эл аралык фестивалы жыйынтыкталды

Ошто Дүйнө элдеринин эпосторунун VII эл аралык фестивалы жыйынтыкталды

Кечээ Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Казак элининин улуу жазуучусу Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Дүйнөлүк эпос фестивалы жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн, түрк тилдүү мамлекеттердин, жети дубандын чыгармачыл жамааттарын, илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн, өнөр адамдарын башын бириктирди.

Үч күнгө созулган фестиваль илимий-практикалык симпозиум, маданий иш-чаралар менен коштолду.

Салтанаттуу жабылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышты.

Салтанаттын алкагында 10го жакын манасчылардын аткаруусунда Манас эпосунан үзүндүлөр айтылып, “Мыкты Семетейчи”, “Мыкты Дастанчы”, “Мыкты Кыргыз боз үйү”, “Саркеч көчмөн” жана “Кадырлуу каада салт” сынактарынын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле, иш-чараны уюштурууда алгылыктуу салым кошкондорго Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана Ош шаарынын мэриясынын атынан Ардак грамоталар, Ыраазычылык барактар ыйгарылды.

Майрамдык салтанат чет өлкөдөн келген олонхо, кайчы, жангар жана дастан айтуучулардын, Кыргызстандын өнөр адамдары катышуусундагы чоң гала-концерт менен уланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Дүйнө элинин эпостору

Комментарийлер

live comments feed...