• Башкы бет
  • Туризм фондунун жетекчилери 2 айга камалды
16:09, 2023-ж., 20-май

Туризм фондунун жетекчилери 2 айга камалды

Туризм фондунун жетекчилери 2 айга камалды

«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо» фондунун жетекчилери эки айга камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-майда кабыл алды.

Алар 22-июлга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу тергөө абагында кармалат.

УКМК өкмөт бир жыл мурда түзүлгөн Туризм фондунун жетекчилерине «коррупция» боюнча кылмыш ишин козгоп, 18-майда кармалгандыгын билдирген.

УКМКга баштапкы капиталы млрд сомду түзгөн фондго бөлүнгөн каражат эсепсиз ысырап кылынганы, максатсыз пайдаланылганы, жетекчилери эмгек акысын негизсиз жогорулатып алганы, туристтик жайлардын өтө кымбат курулганы боюнча маалымат түшкөн.

Айтылган маалыматтар Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен катталып, иликтөө жүргүзүлгөн. Анын алкагында фонддун кеңсеси тинтилип, тергөөгө тиешелүү каржылык документтер алынган.

Документтерди текшерүүдө өткөн жылы фондго мамлекет бюджетинен млрд сом бөлүнгөнү, анын 608 млн сомдон ашыгы туризмди өнүктүрүү жаатында бир катар долбоорлорго каралганы маалым болгон.

Мунун ичинен 21 Rest Point куруу үчүн 100% келишимдик сумма менен аткаруучу компанияларга 105 млн сомдон ашык акча которулган. Бирок биринин да долбоордук-сметалык документтери, аткарган иштеринин актылары жана каржылоонун негиздемеси болгон эмес, ушул кезге чейин бир да курулуш пайдаланууга берилбеген. Аны менен катар Rest Pointтерди куруу өтө кымбат бааланып, чыгымы 13 млн сомдон ашык сумманы түзгөн.

Ар бир келишимдин баасы 40 миңден 256 миң еврого чейин өзгөрүп турган, ар кандай туристтик жайларды өнүктүрүү боюнча «Концептуалдык идеяларга» 715 миң евродон ашык акча сарпталып, аларды даярдоо боюнча чет өлкөлүк компаниялар менен көптөгөн келишимдер түзүлгөн. Келишимдерде техникалык шарттарды, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу каралган эмес, долбоор даярдоо менен гана чектелип келишкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө андан тышкары бир гана арыздын негизинде 65 млн сомдон ашык акчаны жеке компанияларга бизнес-планы, долбоору жок эле жеңилдетилген шартта кредиттерди бергени такталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Туризм

Комментарийлер

live comments feed...