• Башкы бет
  • Карактоо фактылары боюнча шектелип жаткан жарандын үйүнөн граната табылды
16:00, 2023-ж., 20-май

Карактоо фактылары боюнча шектелип жаткан жарандын үйүнөн граната табылды

Карактоо фактылары боюнча шектелип жаткан жарандын үйүнөн граната табылды

Оштогу карактоо фактылары боюнча жүргүзүлүп жаткан кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн биринин үйүнөн «РГД-5» үлгүсүндөгү граната табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагындагы катталган каракчылык фактылары боюнча иликтөө иштери уланууда. Шектүү катары 11 адам шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми кылмыш ишинин алкагында 19-майда Ош шаарынын Амир Темур кичи шаарчасындагы жайгашкан үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Ал жерден мыйзамсыз сакталган бир даана аскердик рюкзак, аскердик кийимдер, тогуз даана АК, эки даана ПМ октору, медициналык беткаптар, колкаптар жана РГД-5 үлгүсүндөгү граната табылган. Милиция буюмдардын баары карактоого шектелип отургандардын бирине таандык экенин кошумчалады.

Эске салсак: 13-майда Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардан көп сандагы курал-жарак табылганы маалымдалган. Алар Ош шаарында 3 млн 600 миң сомду тоноого жана Кара-Суу районундагы куралдуу карактоого айыпталышкан. Ички иштер министрлиги кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар экенин, шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар, гранаталар табылганын маалымдаган.

17-майда ИИМ УКМК менен биргеликте Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналган куралчан адамды кармоо операциясын жүргүзүп, натыйжада ал жок кылынганы кабарланган. Шектүү кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөн. Аны кармоо учурунда эки күч кызматкери жарадар болду.

Ош шаардык милициясы Чүйдө жок кылынган адам Ош аймагында бир нече оор кылмышка шектелип жаткан топтун мүчөсү болгонун кошумчалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Граната

Комментарийлер

live comments feed...