• Башкы бет
  • Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү автобус алат
15:56, 2023-ж., 20-май

Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү автобус алат

Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү автобус алат

Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү дагы миң автобус алат. Алардын 500ү быйыл этап-этабы менен алып келинет. Кийинки партиясы 2024-жылы жеткирилери күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында «Zhongtong bus Holding Co., LTD» автобус чыгаруучу заводуна барды. Анда жол куруу машиналары жана жабдуулары, өнөр жай машиналарынын көргөзмө аймагын кыдырып чыкты. Ошондой эле жаңы автобустардын өндүрүш процесси менен таанышкан.

«Буга чейин бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатылып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле. Бул жерде Кыргызстан үчүн миңинчи партиядан чыккан биринчи автобустун салтанаттуу чыгарылуусу жана бет ачары болду», -деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Садыр Жапаров автобустардын бул партиясы Бишкектеги транспорт каражаттары менен камсыздоо көйгөйүн чечерин белгиледи. Автобустар экологиялык жактан таза транспорт эсептелген газ кыймылдаткычы менен жабдылган. Компаниянын жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү жана бекемдөө ниетин тастыктап, чыгарылган продукциянын жогорку сапатына жана тейлөөсүнө кепилдик берген.

Жапаров да Кыргызстан эки тарапты тең кызыктырган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилеген.

«Zhongtong Bus Holding Co., LTD» компаниясы Кытайдагы эң алгачкы автобус өндүрүүчүлөрдүн бири.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кытай

Комментарийлер

live comments feed...