• Башкы бет
  • Президент "Торугарт" менен "Эркечтам" бекеттерине күнү-түнү иштөө режимин киргизүүнү сунуштады
15:51, 2023-ж., 20-май

Президент "Торугарт" менен "Эркечтам" бекеттерине күнү-түнү иштөө режимин киргизүүнү сунуштады

Президент "Торугарт" менен "Эркечтам" бекеттерине күнү-түнү иштөө режимин киргизүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров 19-майда Пекин шаарында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолугуп, соода деңгээлин жогорулатууда эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иши маанилүү роль ойноорун белгиледи.

Мамлекет башчынын расмий сайтындагы маалыматка карагандапрезидент алардын ишмердигин оптималдаштыруу үчүн «Торугарт» (Нарын) жана «Эркечтам» (Ош) өткөрүү бекеттеринин ишин жети күндүк график менен күнү-түнү иштөөгө өткөрүүнү сунуштады. Ошону менен бирге Кыргызстан Кытай менен электрондук коммерция жана санарип каржылык технологияларды киргизүү долбоорлору боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап Кытайдын мамлекеттик жана жеке ишканаларын, инвесторлорун Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө, биргелешкен экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырарын, кубаттаарын айткан.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай биргелешкен ири жана маанилүү долбоор болуп “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу саналат. Бул темир жолдун курулушу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын «Бир алкак – бир жол» демилгесин турмушка ашырууда биздин өлкөлөрдүн кошкон салымы болуп саналат», — деди Садыр Жапаров.

Соңунда Садыр Жапаров Ли Цянды Кыргызстанга расмий сапар менен келип, Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышууга чакырды.

Садыр Жапаров Кытайга 17-майда барган. Анын мамлекеттик сапары 18-20-май күндөрү болот. Сапардын алкагында ал Сиань шаарында «Кытай – Борбор Азия» саммитине катышты. 18-майда Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарында 20дан ашык документке кол коюлду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Президент

Комментарийлер

live comments feed...