• Башкы бет
  • Ош мэриясы Кытай өлкөсүнүн Кашкар шаар бийлиги менен кызматташтыкты бекемдейт
16:45, 2023-ж., 19-май

Ош мэриясы Кытай өлкөсүнүн Кашкар шаар бийлиги менен кызматташтыкты бекемдейт

Ош мэриясы Кытай өлкөсүнүн Кашкар шаар бийлиги менен кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.А. Исаев менен Кашкар шаардык Элдик өкмөтүнүн мэринин орун басары Чен Хунглиндин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун максаты эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана илергилетүү болуп саналат.

Марс Исаев саламдашуу сөзүндө Кашкар шаарынын жетекчилигине терең урматтоосун билдирип, бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө тараптардын кызыкчылыктарын өз ара урматтоо, тең укуктуулук негиздерине түптөлгөн динамикалуу өнүгүүсү менен мүнөздөлүп жатканын белгиледи.

“Маалым болгондой, Сиань шаарында биздин өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтүп жатат. Ага расмий түрдө шаарыбыздын мэри Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович катышууда. Биздин бүгүнкү жолугушуубуз Улуу Жибек жолунун экономикалык алкагын бекемдөөгө болгон кызыгуубуздун айкын далили деп эсептейм”,- деди М.Исаев.

Өз кезегинде Чен Хунглин бул иш-чарага катышууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдирип, шаар бийлигинин өкүлдөрүн Кашкар шаарына чакырды.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуу, достук мамилени бекемдөө аркылуу соода жаатындагы, транспорт, чек ара маселелери боюнча талкуулашты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...