16:44, -ж., 19-май
20-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-майга караган түнү жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+24 градус болот.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:22
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:17, -ж., 26-май
live comments feed...
Комментарийлер