16:42, 2023-ж., 19-май

Эртең окуучулар ЖРТга катышат

Эртең окуучулар ЖРТга катышат

Эртең, 20-майда жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Бүгүн тест борборлорун даярдоо жана каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүрүүдө.

Тесттин биринчи этабы 20-21-майда, экинчи этабы 23-24-майда, үчүнчү этап 23-24-июнда өтөт.

Жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө 22-июнь күнү болот.

2023-жылдын 3-мартынан 7-апрелине чейин жүргүзүлгөн каттоого жалпы 47 миң 383 абитуриент катталган. Андан кыргыз тилинде тапшыра тургандар – 28 миң 120, орус тилин тандагандар – 19 миң 263.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ЖРТ

Комментарийлер

live comments feed...