• Башкы бет
  • Жалал-Абадда ууланган окуучулардын жарымы Окшо которулду
16:31, 2023-ж., 19-май

Жалал-Абадда ууланган окуучулардын жарымы Окшо которулду

Жалал-Абадда ууланган окуучулардын жарымы Окшо которулду

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында ууланган окуучулардын 20сы Ош облустук балдар ооруканасына которулду. Абалдары туруктуу деп бааланууда.  Бул тууралуу «Т-Медиага» оорукана жетекчиси Равшан Маметов билдирген.

Белгисиз затка ууланган окуучулар бир күндө бир нече жолу эс учун жоготкон. Мындан улам, 20 окуучу Оштогу ооруканага алынып келинген.

«Бизге балдар 18-майда которулуп келди. Азыркы учурда абалдары жакшы. Ээстерин  жоготуп коюуу  учурлары азайып калды», — дейт Ош облустук балдар ооруканасынын жетекчиси Равшан Маметов.

Эске салсак, 11-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Кочкор-Ата шаарында 40тан ашык окуучу белгисиз затка ууланып ооруканага кайрылган. Алар билим алган №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектеп ошол эле күнү карантинге жабылган. Окуучулардын жапырт уулануусу эмне себептен экени азыр күнгө чейин аныктала элек. Ал эми окуучулардан алынган анализдер таза чыккан. Ууланган 42 окуучунун 22и үй шартында даарыланууга жиберилген.

«Балдар толук кандуу дарыланууга жөнөтүлдү. Алар изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат», — дейт Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Каарман Байдавлетов.

Буга чейин 14-апрелде Ош шаарындагы №8 мектеп-гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып ооруканага түшкөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ууланган балдар

Комментарийлер

live comments feed...