14:38, 2023-ж., 17-май

Президент Кытайга жөнөт кетти

Президент Кытайга жөнөт кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытайга жөнөп кетти. Мамлекет башчысы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитине катышат.

Ушул жылдын 18-майынан 20-майына чейин созула турган сапардын жүрүшүндө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсү менен жолугушуулары пландалууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кытай Эл Республикасы

Комментарийлер

live comments feed...