• Башкы бет
  • Чүйдө куралдуу террорист жок кылынды
14:34, 2023-ж., 17-май

Чүйдө куралдуу террорист жок кылынды

Чүйдө куралдуу террорист жок кылынды

Чүй облусунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрү тарабынан куралдуу террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, алар Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүшкөн. Аны кармоо учурунда катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Бирок, атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан жок кылынган.

Окуя болгон жерде тергөө ыкчам тобу иштеп, ИИМ менен УКМКнын жетекчилери жүргөнү кабарланды. 

Милиция аталган операция боюнча кошумча маалымат бериле турганы кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн эрте менен социалдык тармактарда Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атылган деген видео тараган. Анда эки аскер кызматкери жараат алып ооруканага түшкөнү айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Террористтер

Комментарийлер

live comments feed...