• Башкы бет
  • Президент прокурорлорго каза болгондо төлөнчү кенемтенин суммасын изилдеп чыгууну тапшырды
14:30, 2023-ж., 17-май

Президент прокурорлорго каза болгондо төлөнчү кенемтенин суммасын изилдеп чыгууну тапшырды

Президент прокурорлорго каза болгондо төлөнчү кенемтенин суммасын изилдеп чыгууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат учурунда каза болгондо төлөнө турган кенемте боюнча маселени изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди», -дейт Султанбаев.

Өткөн жылы Жалал-Абаддын Чаткал районунда иш учурунда каза болгон прокурор Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө төлөнө турган 21 миллион сом кенемте коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Бул тууралуу 15-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маалым болгон. Анда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, иш учурунда курман болгон прокуратуранын кызматкерлеринин жакындарына кенемте төлөнөрүн айткан.

Депутаттар кенемтенин көлөмү өтө эле көп экенин айтышып, мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташкан.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жумушун аткарып жатканда каза болгон прокуратура кызматкерлерине бир жолку кенемте акыркы 20 жылдын ичинде бир жолу төлөнүп берилгенин маалымдады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...