
14:28, -ж., 17-май
Баткенде 5 чакан ГЭС курулуп жатат

Баткен облусунда 5 чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат, 10 ГЭСтин долбоору даяр. Бул тууралуу Президентин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда өлкө башчы Садыр Жапаровдун энергетикалык көз карандысыздыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында, чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл буруу боюнча жарлыгына ылайык, чакан ГЭСтерди куруу Баткен облусунда активдүү колго алынган.
Баткендеги курулуп жаткан ГЭСтердин тизмеси:
1.Баткен районунда Кыштут чакан ГЭСи курулууда. Обьект үчүн 7,0 млн. доллар сарпталары белгиленген.
2.Кадамжай районунундагы Кожо-Кайыр каналынын нугунда 300 КВТ кубаттуулуктагы ГЭС курулган. Анын сметалык баасы 300 миң долларды түзгөн.
3.Майдан айыл аймагынын Пата-Таш участкасында «Исфайрам-1» долбоору 2,81 млн. долларына курулууда.
4.Лейлек районунун Жаңгакты дарыясына «Белес» чакан ГЭСинин курулушу аяктады. План боюнча 2023-жылдын июнь айында электр энергия өндүрүү пландалган.
5.Өзгөрүш айылында Козу-Баглан дарыясынын капталында «Лейлек» ГЭСи, 5,6 млн. долларына курулууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер