• Башкы бет
  • Президент мамлекеттик сапар менен Кытайга барат
14:20, 2023-ж., 16-май

Президент мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Президент мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Президент Садыр Жапаров 18-20-майда Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы «Кытай-Борбор Азия» саммитинин ишине катышат.

Ошондой эле сапардын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары Садыр Жапаровдун Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөлөрү менен жолугушуулары пландалууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...