• Башкы бет
  • Ошто куралдарды мыйзамсыз алып жүргөндөр кармалды
14:18, 2023-ж., 16-май

Ошто куралдарды мыйзамсыз алып жүргөндөр кармалды

Ошто куралдарды мыйзамсыз алып жүргөндөр кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 16-майга караган түнү мыйзамсыз куралды алып жүргөнгө шектүү кылмыштуу топ кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, алар Ош шаарына батыш тараптан кире берүүчү жол айлампасында колго түшкөн.

«Шектүүлөрдүн автоунаасынан АКСУ-74У үлгүсүндөгү автомат (магазининде төрт огу бар болгон), бир даана тапанча (магазинде үч огу бар) алынган. Кармоо учурунда бул топ милиция кызматкердерине каршылык көрсөтүп, качууга аракет жасаган», -дейт Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Жыйынтыгында 27, 30, 29 жаштагы үч киши кармалып, Ош шаардык милициясына алынып келген. Шектүүлөр Аксы, Өзгөн жана Кара-Суу районунун тургундары экени айтылды. Милиция учурда алгачкы тергөө амалдары жүрүп жатканын, кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылганын кошумчалады.

Эске салсак: 13-майда Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардан көп сандагы курал-жарак табылганы маалымдаган. Ички иштер министрлигинин билдиргендей, эки күн мурда акча алмаштыруучу жайды карактап, Кара-Суу районунда автоунаага ок чыгарган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Эки кылмыш тең ири өлчөмдөгү акчаны алуу максатында жасалган.

ИИМ кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар экенин, шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар, гранаталар табылганын маалымдаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош ШИИБ

Комментарийлер

live comments feed...