• Башкы бет
  • Ысык-Көлдө өткөн эл аралык туристтик жарманкеге Ош шаарынын кол өнөрчүлөрү катышты
16:33, -ж., 15-май

Ысык-Көлдө өткөн эл аралык туристтик жарманкеге Ош шаарынын кол өнөрчүлөрү катышты

Ысык-Көлдө өткөн эл аралык туристтик жарманкеге Ош шаарынын кол өнөрчүлөрү катышты

Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси ачылды. Анын алкагында быйылкы туристтик сезондун расмий ачылышына да старт берилди.

Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда башталып, келген коноктор туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрдүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү менен таанышты.

Ошондой эле улуттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары уюштурулуп, маданий программа тартууланды.

Көргөзмө-жарманкеге Ош шаарынын кол өнөрчүлөрү да катышты. Ош шаарынын мэриясынын атынан боз үй тигилип, кол өнөрчүлөрүнүн кол эмгектери, улуттук буюмдары көрсөтүлүп, шаардын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү тааныштырылды.

Issyk-Kul ITF эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси, жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн, авиакомпаниялардын, мейманканалардын жана медиасекторлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүп келет.

Анын максаты өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, туристтик бизнестердин ортосундагы кызматтык байланышты түзүү, туризмди эл аралык багытта илгерилетүү, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартууга көмөктөшүү болуп саналат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эл аралык жарманке

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...