• Башкы бет
  • Ошто дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы өтөт
16:31, 2023-ж., 15-май

Ошто дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы өтөт

Ошто дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы өтөт

2023-жылдын 17-21-май күндөрү, Ош шаарында эпостордун эл аралык VII фестивалы болуп өтөт.

Аталган фестивалда “Мыкты Семетейчи”, “Мыкты Дастанчы”, “Мыкты Кыргыз боз үйү”, “Саркеч көчмөн” жана “Кадырлуу каада салт” сынактары орун алат.

Маданий долбоор бул жылы Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Казак элининин улуу жазуучусу Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат.

Фестивалга 30га жакын өлкөнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышат.

Эл аралык иш-чара, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан колдоого алынып, Кыргыз Респбуликасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Арт-Араба” коомдук фонду тарабынан өткөрүлөт.

Маданий иш-чаранын негизги өнөктөштөрү: КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду, Кытай эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги жана Ош шаарынын мэриясы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эпостор

Комментарийлер

live comments feed...