16:29, 2023-ж., 15-май

Эртең жаан-чачын күтүлбөйт

Эртең жаан-чачын күтүлбөйт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 16-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус жылуу болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...