• Башкы бет
  • Калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтөт
15:49, 2023-ж., 15-май

Калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтөт

Калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта пилоттук долбоор киргизилгенКыргызстандын аймактарындагы калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жаңы графикке ылайык, КТБлар 08:00дөн 20:00гө чейин түшкү тыныгуусуз иштейт. Учурдагы иш графиги 9:00дөн 18:00гө чейин иштеп, түшкү тыныгуусу саат 12:30дан 13:30га чейинки убакытты түзчү. Алар:

1. КТБ-2 Свердлов району (Бишкек шаары) жана Аламүдүн району (Чүй облусу)

2. КТБ Каракол шаары (Ысык-Көл облусу)

3. КТБ Ош шаары

4. КТБ Баткен шаары (Баткен облусу)

5. КТБ Шопоков шаары (Чүй облусу);

6. КТБ Кочкор айылы (Нарын облусу);

7. КТБ Сузак айылы (Жалал-Абад облусу).

Министрлик калган аймактар аралык бөлүмдөрү акырындык менен жаңы иш тартибине өтөрүн маалымдайт.

«Бул өзгөрүүлөр калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү, мамлекеттик кызматтарды оңой алуу жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн жасалууда», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, күн сайын өлкө боюнча аймактар аралык бөлүмдөр 500дөн 2500гө чейин жарандарды тейлейт. Кезектерди жоюу жана калк үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык чара көрүлүүдө. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Санариптик өнүктүрүү министрлиги

Комментарийлер

live comments feed...