• Башкы бет
  • Күйүүчү майларды мыйзамсыз жүгүртүүгө жардам берген салык кызматкерлери кармалды
15:45, 2023-ж., 15-май

Күйүүчү майларды мыйзамсыз жүгүртүүгө жардам берген салык кызматкерлери кармалды

Күйүүчү майларды  мыйзамсыз жүгүртүүгө жардам берген салык кызматкерлери кармалды

Салык кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кызматкерлери күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз жүгүрткөндөргө жардам кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар айрым ишкерлерге ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга көмөктөшүшкөн. Жыйынтыгында  «Сосновка» жана «Каракөл» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүү камсыздалган . Аталган кызматы үчүн майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон акча каражатын алып турушканы аныкталган.

«Ошондой эле Салык кызматынын Панфилов, Жайыл райондорунун  салык кызматкерлери, жасалма электрондук товар-транспорттук баракчаларга штамптарды чаптап, түштүк аймактарга күйүүчү-майлоочу майларды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан. Бул кызмат үчүн  салыктын кызматкерлери ар биринен 5 миң сомдон алганы аныкталган», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында күйүүчү майларды мыйзамсыз алып келген, сактаган фирмаларга салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Салык кызматы

Комментарийлер

live comments feed...