16:36
-ж., 23-сентябрь
Курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугу текшерилет. Учурда бул боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Мындай чечим Түркияда болуп өткөн акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынган.
Документке ылайык, комиссияга үч айда өлкөдөгү көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерип чыгат. Анын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетине маалымат берилет.
Комментарийлер