• Башкы бет
  • Ошто 3 млн 600 миң сомду тартып алууга шектелип 8 адам кармалды
15:35, 2023-ж., 13-май

Ошто 3 млн 600 миң сомду тартып алууга шектелип 8 адам кармалды

Ошто 3 млн 600 миң сомду тартып алууга шектелип 8 адам кармалды

Ошто 3 миллион 600 миң сом акчаны тартып алууга шектелип, кылмыштуу топтун 8 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

25-апрелде Ошто акча алмаштыруучу жайда медициналык беткап кийген белгисиз адамдар 59 жаштагы жарандын денесине залал келтирип, чоң суммадагы каражатын тартып алышкан.

Ага чейин 27-январда да Кара-Суу районунун Нариман айылында кара беткапчан жана камуфляж кийимчен белгисиз адамдар автоматтан жана тапанчадан токтоп турган “Тойота-Ландкрузер 200” үлгүсүндөгү унаага ок атышкан. Кол салгандар акча тартып алууга аракет кылышкан.

Бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголуп, эки кылмышка бир кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тиешеси бар экени аныкталган. Натыйжада 8 шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын үчөө Өзбекстандын, бешөө кыргыз жараны.

“Кармалгандардын арасында эл аралык террористтик уюмдун бир нече мүчөлөрү, анын ичинде Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандар жана мурда соттолгондор да бар. Кармоо учурунда аоадын жанынан белгисиз үлгүдөгү автомат, травматикалык тапанча, ошондой эле так салмагы такталып жаткан «гашиш» баңгизаты алынды. Ошондой эле, колго жасалган бычактар, кастет, ок даары жасочуу жабдыктар, жардыруучу зат – граната табылып алынып, аларга экспертиза дайындалды”, — деп жазылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Акча карактоо

Комментарийлер

live comments feed...