• Башкы бет
  • Ошто Алай көчөсүн оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө
14:27, 2023-ж., 12-май

Ошто Алай көчөсүн оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

Ошто Алай көчөсүн оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы Масалиев көчөсүндөгү унаа агымын азайтуу максатында, жолду ачуу жана ондоп-түзөө боюнча көлөмдүү иштер жүрүп жаткан Алай көчөсүнө барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты.

«Ош шаардык жолдору» муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, долбоор боюнча Алай көчөсүнүн тилкесинде жайгашкан, Масалиев проспектисине кошулган эки көчөнүн жалпы узундугу 740 метр, туурасы - 6 метрди түзөт. Аталган көчөлөрдөгү жолдун эки тарабына туурасы 1,5 метр тротуар салынып, ирригациялык лотоктор орнотулат.

Долбоордун алкагында бул жерде мыйзамсыз соода түйүндөрүн алып салуу, инженердик коммуникацияларды, анын ичинде электр, суу жана жылуулук менен камсыздоочу түтүктөрдү жер астына өткөрүү боюнча ар тараптуу иштер жүргүзүлүүдө. Жолду оңдоп-түзөөдөн тышкары таштандыларды сорттоочу контейнерлерди орнотуу, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртына боёк берүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле көчөгө заманбап жарыктандыруу системалары орнотулат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...