• Башкы бет
  • "Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонуудан чыгып калган номерлерди сатыкка койду
14:25, 2023-ж., 12-май

"Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонуудан чыгып калган номерлерди сатыкка койду

"Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонуудан чыгып калган номерлерди сатыкка койду

«Унаа» мамлекеттик мекемеси унаалардын колдонуудан чыгып калган, жараксыз номерлерин металл катары сатыкка коюшканын кабарлады.

Лом аллюминий түстүү металлынан жасалган номурлардын жалпы салмагы 56,9 тоннаны түзүп, бирдиктүү топтом менен сатылат.

20-июнда өтө турган аукционго арыздар 12-июнга чейин Бишкек шаарынын Чокан Валиханов көчөсү, 2а дарегинде жайгашкан «Унаа» мекемесинин бешинчи иш бөлмөсүндө саат 9:00-18:00 аралыгында кабыл алынат.

Унаа номурларынын баштапкы баасы килограммына 100 сомдон деп белгиленди. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.

Айта кетсек, мекеме унаалардын жарактан чыккан номурларын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу максатында кезек-кезек металл катары сатыкка чыгарып турат. Былтыркы аукциондо 74,6 тонна металл 7 млн 412 миң 300 сомго сатылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Унаа мекемеси

Комментарийлер

live comments feed...