• Башкы бет
  • Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
14:22, -ж., 12-май

Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча эртең, 13-майда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +25…+27 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...