• Башкы бет
  • Кыргызстанда 167 бүтүрүүчү "Артыкчылык аттестатына" ээ болду
14:37, 2023-ж., 11-май

Кыргызстанда 167 бүтүрүүчү "Артыкчылык аттестатына" ээ болду

Кыргызстанда 167 бүтүрүүчү "Артыкчылык аттестатына" ээ болду

Кыргызстанда «Алтын тaмгa» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын негизинде «Артыкчылык аттестатын» алуу укугуна ээ болгон окуучулар аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу «Артыкчылык аттестатын» алат:

— Баткен облусунан – 14 окуучу;
— Бишкек шаарынан – 76 окуучу;
— Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу;
— Нарын облусунан – 6 окуучу;
— Ош шаарынан – 8 окуучу;
— Ош облусунан – 20 окуучу;
— Талас облусунан – 5 окуучу;
— Чүй облусунан – 21 окуучу;
— Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу

Эске сала кетсек, «Алтын тамга» тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 11-класстын 2 миңдей окуучусу катышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Алтын тамга

Комментарийлер

live comments feed...