
14:36, -ж., 11-май
Айрым тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча эртең, 12-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +28…+30 градус болот.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер