16:36
-ж., 23-сентябрь
Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүнүн жашаган жеринен 10 даана диск, адабияттар, брошюралар флеш-карталар, планшеттер, телефон аппараттары табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тыюу салынган уюмдун жетекчилери менен байланышы бар адамдарга түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Азыркы учурда өлкөдө тыюу салынган уюмдардын жана алардын тарапташтарынын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.
Комментарийлер