16:36
-ж., 23-сентябрь
Тышкы иштер министрлиги Пакистанда ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу кыргызстандыктарды ал жакка баруудан баш тартууну сунуштады.
Мекеме тараткан маалыматка ылайык, учурда Пакистанда жүргөн жарандар өлкөдөгү кырдаал толук турукташканга чейин өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүшү керек.
Акыркы окуялардан жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат элчиликке түшкөн эмес.
Элчилик Пакистанда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда + (92 51) 2250010, + (92) 330 3717771 телефондоруна байланышууга чакырды.
Комментарийлер