• Башкы бет
  • Ошто эки көчөнү бириктирген жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулат
14:25, -ж., 11-май

Ошто эки көчөнү бириктирген жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулат

Ошто эки көчөнү бириктирген жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулат

Ош шаарынын Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулат. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган өтмөккө тендер жарыяланып «Сапат Курулуш» компаниясы утуп чыккан. Курулушка жалпы 45 млн. сом каражат жумшалат.

«Өтмөктүн курулуш иштери башталды. Бийиктиги 7 метрге чейин болуп, түбүнөн унаалар өтөт. Кары-картаңдар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын лифт курулат», — дейт мекеме жетекчиси Шумкар Пайзиев.

Аталган өтмөк октябрь айына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Учурда кийинки жылга ушундай эле өтмөктү жер астына куруу боюнча долбоор даярдалып жатканын кошумчалашты. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жөө адамдар өтүүчү өтмөк

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...