
15:58, -ж., 10-май
Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан камакка алынды

Пакистанда камакка алынган мурдагы премьер-министр Имран Хандын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болуп, бир адам мерт кетти. Нааразылык акциялары өлкө боюнча өттү.
9-май Пакистандын Коррупцияга каршы агенттиги мурдагы премьер-министр Имран Ханды камакка алды.
5-майда эле Ички иштер министрлигинин көрсөтмөсү менен өлкөдө мобилдик байланыш өчүрүлгөн. Армия бөлүктөрүнүн алдында көптөгөн нааразылык акциялары өттү.
ББСинин жазганына караганда, Пакистан армиясы саясатта олуттуу роль ойнойт, аскердик төңкөрүш аркылуу бийликти басып алган жана өзүнүн карамагындагы рычагдарды колдонгон учурлары болот.
Аналитиктер Имран Хан 2018-жылдагы шайлоодо армиянын жардамы менен жеңип келген деп эсептешет. Бирок азыр ал оппозицияда болуп, аскерлерди ачык сындап жатат.
Пакистандын ички иштер министри Рана Санаулла Твиттерге жаганына караганда, Имран Хан эскертүүлөргө карабай сотко келбей жаткан, ал улуттук казынага зыян келтиргени үчүн камакка алынганын айтты.
Хан өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. Ал былтыр апрелде кызматтан алынгандан кийин ага каршы жүзгө жакын иш козголгон. Ага коюлган айыптар арасында коррупция, терроризм жана башка иштер бар.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер