• Башкы бет
  • Бишкекте кыргыз-өзбек ишкерлеринин "Агро экспортер" форуму өтөт
15:56, -ж., 10-май

Бишкекте кыргыз-өзбек ишкерлеринин "Агро экспортер" форуму өтөт

Бишкекте кыргыз-өзбек ишкерлеринин "Агро экспортер" форуму өтөт

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын 200дөн ашык фермер жана ишкер катышкан форум өтөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

«Агро экпортер» форуму айыл чарба продукцияларын экспорттоого жана Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн тышкы рынокко чыгуусуна көмөктөшүүгө багытталган. Иш-чара 12-майда Бишкектеги Novotel мейманканасында өтөт.

Форумда Өзбекстандан келген сатып алуучулар менен түз байланыш түзүү, Кыргызстан менен Өзбекстандын айыл чарба ишканалары В2В жолугушууларынын жүрүшүндө келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

«Бул форум USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында уюштурулууда. Акыркы үч жылда USAID 30дан ашык кыргызстандык компаниялардын эл аралык көргөзмөлөргө катышуусуна демөөрчүлүк кылып, Өзбекстандан келген өнөктөштөр менен форумдарга жана B2B жолугушууларына катышуу үчүн 100дөн ашык кыргызстандык компанияны тартты. Натыйжада, алар өзбекстандык ишканалар менен байланыштарды түзүүгө жана Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүштү», — деп айтылат маалыматта.

«Агросоода» долбоору кыргызстандык дыйкандарды жана айыл чарба ишканаларын колдоп, Өзбекстан менен соода байланышын кеңейтүү аркылуу өлкөдө жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган беш жылдык долбоор.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Агро форум

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...