16:36
-ж., 23-сентябрь
Кыргызстандык окуучу Иван Решетников 57 — эл аралык Менделеев химия олимпиадасында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин 11-классынын окуучусу. Аны менен бирге эл аралдык олимпиадага дагы 6 окуучу барган. Калган катышуучулар сертификаттарга ээ болгон.
Химия боюнча Менделеев олимпиадасы Казакстандын борбору Астанада 30-апрелден 7-майга чейин өткөн. Ага дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн 113 мектеп окуучусу катышкан. Алар 34 коло, 23 күмүш жана 11 алтын байге үчүн ат салышкан.
күмүш жана 11 алтын байге үчүн ат салышкан.
Комментарийлер