16:36
-ж., 23-сентябрь
Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2023-жылы 9-июлда болот. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду.
Өлкө президентинин жарлыгында мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү чечими Өзбекстандын Баш мыйзамынын 110 жана 128-беренелеринин, ошондой эле республиканын Шайлоо кодексинин 66-беренесинин негизинде кабыл алынганы белгиленген.
Эскерте кетсек: кечээ, 8-майда Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөрүн жарыялаган. Өзгөртүлгөн жаңы мыйзамга ылайык, Өзбекстанда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылган. Шайлоодо азыркы президент кайрадан талапкерлигин кое тургандыгы айтылып жатат.
Комментарийлер